USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жалал-Абадда жыл башынан бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда 97 жол кырсыгы катталды

09:22, 14 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда 97 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 14 өспүрүм кырсыктын курмандыгы болгон.

Катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 104 бала денелеринен түрдүү жаракаттарды алышкан. Кырсыктардын алдын алуу боюнча аталган облуста «Салам мектеп», «Айдоочу абайла» сыяктуу иш-чаралар уюштурулууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18