USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар делген 3-кылмышкерди кармашты

14:40, 12 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Криминалдык милиция мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар делген 3-кылмышкерди кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы Заур Насруллаев Екатеринбургдан кармалды.

«Орусиянын тиешелүү органдарына кылмышка шектүүнү экстрадиция кылуу тууралуу материал жиберилди», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен. Кылмышкерлер эч нерсе алышкан эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18