USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү эсепке акча которду

11:27, 10 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы акыркы эки жарым айда бирдиктүү эсепке 161 миллион 52 миң 962 сом которду. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
 
Маалыматка караганда, жакында эле бирдиктүү эсепке 3 миллион 52 миң 962 сом которгон.

Эске салсак, аталган каражаттар экономикалык жана кызматтык кылмыштуулук боюнча мамлекетке келтирилген чыгымдардын ордун толтуруудан келип түшүүдө.

Депозиттик эсеп ушул жылдын 3-июлунда ачылган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18