Жалал-Абадда капитан прапорщикти бычак менен жарадар кылды
09:32, 10 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
«Билдирүүгө таянсак, күнөөлүү ашкананы текшерүү үчүн келген. Аскер кызматкерлери арасында пикир келишпестиктер жаралып, капитан прапорщиктин санына бычак сайып жиберген. Кесепетинен жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылды», — деп жазылат маалыматта.