USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Миграция агымы борбор калаага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келет

13:52, 07 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекке болгон негизги миграция агымы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келет. Бул тууралуу тегерек столдо миграция кызматынын бөлүм башчысы Улан Шаршеев билдирди.

Айтымында, Бишкектен башка Ош жана Жалал-Абад шаарларына дагы миграциялык агым көп болууда.

«Чүй облусу транзиттик аймак экенин унутпаш керек. Бул жактан биздин мекендештер чет жерге кетишет. Тактап айтканда, тургундар облустарда жашап, Бишкектен акча таап иштеп, акырында билет алып Орусия, Казакстан жана Түркияга кетип жатышат», — деди Улан Шаршеев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18