USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Көчмөндөр оюну. Улуттук кийимчен 126 аял ооз комуз чертишти

11:58, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА

Кырчын этношаарчасында 126 аял Адамкалый Байбатыровдун «Тагылдыр тоо» чыгармасын ооз комуз менен аткарышты. Бул тууралуу «Түндүк көтөрүү» театрлаштырылган оюн-зоок иш-чарасынын катышуучусу Эркайым Абдырахманова 24.kg агенттигине билдирди. 

Маалыматка караганда, учурда Кырчын жайлоосунда 500 кишинин катышуусунда маданий иш-чара өтүп жатат. Ысык-Көл облусунун атынан тигилген Ордодо улуттук кийимчен 126 аял баардыгы бирге ооз комуз чертишти.

Эске салсак, ар бир облустун өкүлдөрү өздөрүнө таандык Ордо курушкан. Бул жылы көлдүктөр 140 боз үй тигишти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18