USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Москвадагы кыргыздар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күч сынашат

09:34, 04 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Москвадагы мекендештердин «Кыргыз биримдиги» уюмунун өкүлдөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күч сынашат. Бул тууралуу коомдук бирикме маалымдайт.

Багыт Бапанов жетектеген топ «Ордо» жана «Тогул коргоол» боюнча мелдештерге катышмакчы.

Москвада жашаган кыргыздардын тобу Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн даярдыктан өтүшкөн. Буга чейин социалдык тармакта РФнын жарандыгын алган мекендештер топко чакырылары айтылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18