USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз-өзбек мамилелери. Эки тараптуу товар жүгүртүү 48 пайызга көбөйгөн

11:56, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Акыркы 6 ай аралыгында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда товар жүгүртүү 48 пайызга көбөйгөн. Бул 215,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов билдирди.

«Аталган көрсөткүчтөр эки өлкөнүн экономикасынын потенциалына туура келбейт. Биз аракет кылып жакынкы жылдары эки тараптуу соодалашууну 500 миллион долларга чейин жеткирүүнү пландап жатабыз», —деди Комил Рашидов.

2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 169 миллион долларга жеткен. Былтыр 250 миллион долларды түзгөн. 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18