USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дарья Маслова жайкы Азия оюндарында экинчи медалды тагынды

09:11, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова жайкы Азия оюндарында экинчи медалды тагынды. Спортчу 5 миң метр аралыкка чуркоо менен атаандаштарынын ичинен экинчи болуп келди.



Иш-чаранын жүрүшүндө маарага  биринчи болуп эфиопиялык спортчу келди. Ал 15 мүнөт 8,09 секунд убакыт короткон. Кийинки болуп кыргызстындык Дарья Маслова 15 мүнөт 30,57 секунд убакытта келди. 3-орунга  Бахрейндин атынан чыккан эфиоп кызы 15 мүнөт 36,78 секунддагы көрсөткүч менен татыктуу болду.



БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18