USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Электрдик станциялар» ЖЭБ үчүн 24,6 миллион сомдук видеобайкагыч сатып берет

10:13, 28 августа 2018, Бишкек - 24.kg
«Электрдик станциялар» ААКсы Бишкек ЖЭБи үчүн 24,6 миллион сомдук видео байкагыч системасын сатып берет. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.
 

Камералар негизги жана кошумча жабдыктарды байкоо үчүн орнотулат.

Буга чейин жылуулук борборундагы жаңы блокто 128 видеокамера орнотулган. Анын баасы 1,8 миллион долларды түзгөн. Бул сатып алуулар коомдук кыжырданууну жараткан, анткени бир камеранын баасы 14 миң доллардан ашып кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18