USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Оштун тургундары көмүр саткандардын зыян алып келип жаткандарына нааразы

09:22, 28 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын тургундары көмүр саткандардын зыян алып келип жаткандарына нааразы. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине билдиришти. 

«Р.Моминов атындагы көчөдө,  Жусуп Баласагын атындагы окуу жайдын маңдайында сатыкка деп көмүр түшүрүштү. Биз жайдын ысыгына карабай, терезелерди жаап үйдө отурганга мажбур болдук. Сатуучулар биздин арызыбызга көңүл буруп да коюшкан жок», —дешти тургундар.

Оштун жашоочулары көмүр атайын обочо жерде сатылышы керек деп эсептешет. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18