USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш болууга ниеттенүүдө

13:43, 22 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков айтып берди.

Маалыматтарга караганда, жалпысынан 10 документке кол коюлары күтүлүүдө. Эки өлкө президенттери кеңейтилген жана чакан форматта жолугушат. Жээнбеков менен Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтык жана мамилелерди андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанда өтө турган сапары 23-24-августка белгиленүүдө.

Акыркы жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга 2014-жылы барган, ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга туура үч жыл мурда, 2015-жылдын август айында келип кеткен.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2010-2017-жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 73% арбыган. Экспорт 69,4%, импорт 4,5% көбөйгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18