USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылды

13:39, 22 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн 22-августтан тартып кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери бир жумага убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, чек ара Кытай тараптын өтүнүчү менен Курман айт майрамына байланыштуу жабылып жатат. Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 27-августта кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт.

Бул күндөрү дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилеп жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18