USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ачкачылык жарыялаган Кубанычбек Кадыров кечээтен баштап тамак иче баштады

09:45, 22 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ачкачылык жарыялаган оппозиция өкүлү Кубанычбек Кадыров кечээтен баштап тамак иче баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттолуучудан ачкачылык акциясын токтоткондугу тууралуу расмий билдирүү келип түшө элек.

Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов аларды жатак абакка которууну талап кылышууда. Бирок, атайын комиссия бул маселени карап чыгуу үчүн Жогорку соттун чечими керек. Соттолуучулардын жактоочулары 2 айдан бери өкүмдү колго ала албай келишет. Мындан улам алар ачкачылык жарыялашкан болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18