USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Коопсуз шаар. Кошумча дагы 8 видеобайкоочу камералар орнотулат

14:16, 17 августа 2018, Бишкек - 24.kg

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында кошумча дагы 8 видеобайкоочу камералар орнотулат. Бул тууралуу «Коопсуз шаар» долбоорунун бет ачары учурунда Маалыматтык технология жана байланыш кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шантемиров билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам өлкө аймагындагы жол кырсыктарынын санын азайтат.

Кошумчалай кетсек, «Коопсуз шаар» — «Акылдуу шаар» масштабдуу долбоорунун бир гана компоненти. Ал борбордун көчөлөрүндөгү, эл аралык трассалардагы жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоону камтыйт.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18