USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектерди таап чыгышты

15:08, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында УКМКнын кызматкерлери Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик менен ташылып келе жаткан дары-дармектерди таап чыгышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Мерседес-Бенц Спринтер-311» унаасын токтотуп, аны текшерүү маалында 46 кутуга салынган стрептоцид жана линкомицин табылган.

«Жүктүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бериле турган сертификаты жок болуп чыкты. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18