USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзбекстанда окуучусунун өлүмүнө айыпталган мугалим 7 жылга соттолду

13:33, 14 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Сырдарья облустук соту жашыруун иштеген диний мектептин окутуучусу Шерали Ибодовду жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал былтыр мектептен алган жараатынан улам ооруканада каза болгон 6 жаштагы окуучусун сабаган деп айыпталууда.

Соттон билдиришкендей, соттолуучу Шерали Ибодов жашыруун түрдө «Тарикат» диний агымына таандык кичи медресе ачып, анда билим алган балдарды дайыма сабап келген.

«Өткөн айдагы сот отурумунун жүрүшүндө 6 жаштагы окуучу Ибодовдун ур-токмогунан кийин каза болгондугу тууралуу маалыматтар аныкталган,» — деп билдиришти соттун басма сөз кызматынан.

Былтыр декабрда каза болгон окуучу Мухаммадсадык Абдурахмоновдун жакындары мугалимге карата чыгарылган өкүм менен макул экендиктерин билдиришти.

«Медресенин мугалими Шерали Ибодов сабакты жакшы билбеген балдардын бардыгын сабачу. Ошондуктан анда Мухаммадсадыкты өлтүрүү ниети болгон эмес,» — деди баланын туугандарынын бири.

Күн мурун «Өзбекстан 24» телеканалы «Кичи медреседеги караңгылык» деген тасма көрсөттү.

Анда 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында мындай жашыруун иш алып барган 116 мектеп жоюлганы айтылган. Алардын көбүндө жашы жете элек балдар билим алып келишкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18