USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жалал-Абад облусунда айдоочу тартип сакчысын сүзүп качып кетти

10:22, 13 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда айдоочу тартип сакчысын сүзүп качып кетти. Бул тууралуу ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тартип сакчысы «Опель Астра» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылган. Айдоочу башкармалыктын кызматкерин сүзүп качып кетүүгө үлгүргөн.

Ыкчам издөө иш чарасынын негизинде кылмышка шектүү делип Сузак районунун 38 жаштагы тургуну кармалды. Ал мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталды.

Жаракат алган милиция ооруканага жаткырылды. Ал эми окуянын күнөөкөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18