USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги жардыруу. Орусиялык ишкерге карата кол салуу болду

13:53, 10 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жардыруу болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Орусиянын жараны Александр Гайдуковго карата кол салуу болду. Эске салсак, 2016-жылы дагы кол салуу болуп, анда күнөөлүүлөр табылган эмес. 

Бул жолку жардырууда ишкер Александр Гайдуков жеңил жаракат алды. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, ишкердин унаасынын астына орнотулган зат жарылган. Жабырлануучуну тез жардам алып кетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18