USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эт комбинатында чыккан өрткө электр зымдарынын бириге калуусу себеп болгон

12:04, 09 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги эт комбинатында чыккан өрткө электр зымдарынын бириге калуусу себеп болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМнын Бишкектеги башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Адилбек Чаргынов билдирди.

Анын айтымында, өрт азыркыга чейин өчүрүлө элек.

«Учурда тилсиз жоону өчүрүү иш аракеттери жүрүп жатат. 100гө жакын киши тартылды. Азыркы тапта 5 миң чарчы метр аянт күйүп кетти», — деди Адилбек Чаргынов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18