USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

1-октябрдан тарта өлкө аймактарында электрондук патенттер бериле баштайт

12:21, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Пилоттук долбоору аягына чыгып, Бишкек жана Ош шаарларында 1-августтан тарта электрондук форматтагы патенттер бериле баштады. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-августтан тартып эки шаарда өз ыктыяры менен төлөнчү патент, милдеттүү түрдө төлөнчү патенттер берилүүдө.

1-октябрдан баштап электрондук патенттер Кыргызстандын баардык аймактарында бериле баштайт.

«Мындай жол менен патент алууда убакытты коротпой, кыска мөөнөттө ишти бүтүрсө болот», — деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18