USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда курал-жарак саткан дүкөндөр убактылуу жабылат

13:48, 07 августа 2018, Бишкек - 24.kg

10-августтан тартып сентябрга чейин Кыргызстандагы курал-жарак дүкөндөрүн убактылуу жабуу аракети башталат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги «Азаттыкка» билдирди.

Бул чечим быйыл сентябрда Ысык-Көлдө боло турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги саммити менен байланыштуу. Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8- сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин 3-сентябрда Чолпон-Атада өткөрүү белгиленген.

Маалыматка караганда, оюндарда жана саммитте коопсуздукту камсыз кылуу максатында мергенчилердин колундагы куралдар да убактылуу алынмакчы.

Учурда Кыргызстанда курал-жарак саткан ондон ашык дүкөн бар. Аларда негизинен аңчылык куралдары сатылат.

Мындан тышкары, ИИМ таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз эрки менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү демилгесин көтөрдү. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын мекеме дагы бир сыйра эскертти.

2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дары жоголгону белгилүү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18