USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте бүгүнтөн баштап № 2 троллейбустук каттам ишке кирет

08:45, 02 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте бүгүнтөн баштап № 2 троллейбустук каттам ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук унаа менен Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттоого болот.

Маалыматка таянсак, У.Салиева көчөсү оңдолуп жаткандыгына байланыштуу каттам убактылуу кыскартылып, Фрунзе заводу — Лермонтов, Жибек-Жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле шаардык троллейбус башкармалыгы жолдор оңдолуп жаткандыгына байланыштуу 1-августтан баштап Манас проспектиси жабылып, № 11 троллейбустук каттам иштебей тургандыгын билдиришти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18