USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Төлөкан Исмаилова: Кыргызстандагы балдар колониясын жабыш керек

13:59, 01 августа 2018, Бишкек - 24.kg

«Кыргызстандагы жалгыз балдар колониясын жабыш керек», — деп маалымат жыйында «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөкан Исмаилова билдирди.

Акыйкатчынын аппаратынын үй-бүлөнү зордук-зомбулуктан коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Махабат Турдумаматованын айтымында, Вознесеновка айылындагы балдар колониясы реформалоого муктаж. Аталган мекеме тиешелүү стандартка туура келбейт.

«Колонияда кесипкөй психолог жок. Кыргызстанда болгону жалгы бир колония бар, ал жакта дагы мыкты психологдор жок», — деди Махабат Турдумаматова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18