USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда казакстандык турист мерт болду

08:34, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таштар кулап, казакстандык турист мерт болду. Бул тууралуу 30-июлда Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин маалыматы боюнча дагы үч киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор.

Казакстан бүгүн, 31-июлда жабыр тарткан туристтерди эвакуациялоо үчүн тик учак жөнөтөт.

30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгону кабарланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18