USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык мушкерлер тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2 медаль утушту

17:55, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык мушкерлер тай боксу боюнча студенттер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, эркектер арасында 11 салмак категориясы боюнча беттеш болду. 60 килограмм салмак ченинде Арген Керимбеков коло медалды багындырса, 67 килограмм салсак ченинде Бекжан Матысаев күмүш медалдын ээси аталды.

Спорттук иш-чара 23-29-июль күндөрү Тайландда өттү. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18