USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кырчын жайлоосунда «Мөңгү» I эл аралык кино форуму өтөт

09:45, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Кырчын жайлоосунда «Мөңгү» I эл аралык кино форуму өтөт. Аталган аймакта ачык асман алдында тасма көрүү үчүн атайын боз үйлөр орнотулат.

Фестивалдын дирекциясынан билдиришкендей, аталган иш-чара жаратылыш ресурстарын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кыймылды колдоого арналат.

Форумдун жүрүшүндө семинар, мастер-класстар уюштурулат. Ага эл аралык кинематографтар, экологдор, эксперттер катышмакчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18