USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Көк-бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын катарына киргизилди

15:20, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Көк-бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын катарына киргизилди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун ЮНЕСКО иштери боюнча КРнын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева менен жолугушусунда айтылды.

Сабира Солтонгелдиеванын айтымынла, ЮНЕСКО Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алды.

Мындан тышкары «Көк-бөрү» салттуу ат оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эсмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилди.

2017-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун «Көк-бөрү» боюнча кабыл алган чечими ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өлкөнүн эксперттери менен биргеликтеги 4 жылдык ишмердигинин натыйжасы болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18