USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Трамп Путинге эч нерсе бербегин жана убадалабаганын айтууда

09:02, 24 июля 2018, Бишкек - 24.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Хелсинкидеги жабык сүйлөшүүсүндө орус тарапка «эч нерсе берип койбогонун» билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Басылма белгилегендей, бирок Трамп сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу кеңири айтуудан баш тартты.

Акыркы кездери президенттин партиялаштарында (республикачылар) Трамп менен Путиндин ортосунда жашыруун макулдашуу ыктымалдыгы боюнча суроолор жаралган.

«Биз болгону эки өлкөгө пайда алып келе турган келечектеги маселелер жөнүндө сүйлөштүк», — деп жазды Трамп Твиттерге.

Хельсинкидеги саммиттен кийин АКШ президенти Путин менен Түндүк Корея маселеси жана Жакын Чыгыштагы кырдаал сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулаганын билдирип, бирок ал маселелердин чоо-жайын толук айткан эмес. Орусиянын расмий адамдары сүйлөшүүлөр маалында Путин Украинадагы жаңжал боюнча Трампка конкреттүү сунуш айтканын билдиришкен. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дагы президенттер Сирия каатчылыгын талкуулаганын айткан.

АКШ чалгынынын жогорку кызматтагы адамдары менен Конгресс мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдүн мазмунун билбей тургандыктарын белгилешкен. Америкада эки лидердин жолугушуусу катуу сынга алынганына карабастан, өткөн жумада Трамп Путинди Вашингтонго келип кетүүгө чакырган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18