USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Москвадагы мигранттар кулинардык чеберчилигин «Ашканада» көрсөтөт

09:41, 23 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Москвадагы мигранттардын Ишкер айымдар клубу «Ашкана» теледолбоорун алып чыгууда.

Маалыматка караганда, долбоордун коноктору, Россиядагы мигранттардын өкүлдөрү, маек үстүндө дүйнө ашканасынан тамактарды жасап, кулинардык чеберчилигин көрсөтөт. 

Телеберүү айына эки жолу Youtube каналына чыгарылат. «Ашкана» Россиядагы кыргыз мигранттары жана жалпы эле кыргызстандыктарга багытталган.

Белгилей кетсек, Ишкер айымдар клубу мигранттар арасындагы дилгир, жеке ишин баштоого ашынган айымдарды колдоо үчүн түзүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18