USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы өтөт

14:12, 20 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.Маалыматка таянсак, иш-чарага  150дөн ашык кыргыз жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Фестивалдын негизги максаты- кыргыз кол өнөрчүлөрүнө колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Иш-чаранын алкагында дизайнер, кол өнөрчү студенттердин арасында «Этно-Мода» сынагы, «Элечек» флешмобу жана «Эмен багы» галереясында автордук куурчактардын көргөзмөсү болот.

Фестиваль 26-июлда «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдында уюштурулат. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18