USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Азия чемпионаты. Кыргызстандык 2 балбан айым алтын медалдын ээси болушту

09:14, 20 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык 2 спортчу аялдар арасында өткөн күрөш боюнча Азиянын чемпионаты болушту. Бул тууралуу күрөштүн бириккен дүйнөсү сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 68 килограмм салмак категориясында Мээрим Жуманазарова Кытай, Түштүк Корея, Казакстан жана Индиядан келген спортчу айымдары жеңип, алтын медалды багындырды.

Ал эми 76 килограмм салмак категориясында Айпери Медет кызы Индия, Казакстан, Монголия жана Кытайлык спортчулар менен беттешип, алдыңкы орунга ээ болду.

Эске салсак, спорттук иш-чара Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18