USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент менен жолугушуу. Сынчылар дагы ыраазы болуп кетишти

16:14, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Көпчүлүктүн атынан эр жүрөктүк кылып айта алам, сынчылар дагы президент менен жолугушкандан кийин ыраазы болуп кетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Жардам берүү жеңил» коомдук фондунун директору Динара Аляева билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы чакырылган 40 жарандын ар биринин суроосуна конкретүү чечимдерди айтып берди.

«Ал тургай журналисттер жок деп, телефондорду эмнеге жыйнап алды деп күлүп жаткан сынчылар дагы, соттук жана адам укуктары боюнча реформаларды катуу сынга алабыз деп келгендердин 50 пайызы ачык-айкын жоопторго ыраазы болуп кетишти деп ойлойм», —деди Динара Аляева.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18