USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кытайга виза алуу үчүн жаңы онлайн-анкета толтуруу системасы ишке кирди

14:44, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ушул жылдын 1-июлунан тартып Кытайга виза алуу үчүн жаңы онлайн-анкета толтуруу системасы ишке кирди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, Кытайга бара турган (Гонконгдон башка) жарандар https://cova.cs.mfa.gov.cn/ сайтындагы онлайн-анкетаны толтуруп, күнү менен убактысын белгилеп алуусу керек.

«Анкетаны толтургандан кийин аны кагазга чыгартып алуу керек. Толук маалымат алуу үчүн Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин сайтына кириңиздер», — деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18