USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Евробиримдик Google корпорациясына 5 миллиард доллар айып салды

08:16, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Еврокомиссия Google корпорациясына шаркеттин антимонополиялык мыйзамдарын бузганы үчүн беш миллиард доллар айып салды.

Еврокомиссия корпорация Android системасы менен иштеген смартфондорго Chrome сыяктуу интернеттеги программаларды жүктөөгө милдеттендирген деген бүтүмгө келген.

Комиссия Google корпорациясынын мындай аракети Chrome менен иштеген башка мобилдик браузерлерди чектеп, жаңы системалардын пайда болушуна тоскоол болгон деп санайт.

Google бул тажрыйбаны 90 күн ичинде токтотушу керек, болбосо компанияга кошумча айып салынат.

Google Еврокомиссиянын бүтүмү туура эмес деп, аны арыздана турганын билдирди. Былтыр корпорация интернетте соода жүргүзүүдө өзүнүн гана программа-агрегатына артыкчылык бергени үчүн 2,4 миллиард доллар айыпка жыгылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18