USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чүй облусунда 450 кылмыштын бети ачыла элек

11:13, 17 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда 450 кылмыштын бети ачыла элек. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек ШИИББнын 1-жарым жылдык жыйынтыгын чыгаруу маалында аталган башкармалыктын башчысы Самат Курманкулов айтты.

Анын берген маалыматына караганда, тартип сакчылары азыркыга чейин Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу фактынын бетин ачыша элек.

«Спортчу Руслан Аббасовдун өлүмүнүн бети ачылган жок. Токмокто каракчылык менен өлтүрүлгөн 2 бир туугандар, Аламүдүн районундагы таксисттин өлүмү, Сокулуктагы кыздын зордукталышы боюнча фактылардын бети ачыла элек. Бул багытта иликтөө жүрүп жатат», —деди Самат Курманкулов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18