USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

5 күн аралыгында 19 миң 175 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталды

09:38, 16 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 7-июлдан 12-июлга чейин 19 миң 175 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2545 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган. Ал эми 613 айдоочу жол чыракка баш ийген эмес. Мас абалында унаа башкаргандардын саны 165, жол белгилерине баш ийбегендердин саны 3277ге жетти.

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 552 унаа токтотулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18