USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгон 2 жарандын сөөгү табылды

10:28, 13 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгон 2 жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусуна караштуу Араван каналынан 1991-жылы туулган А.уулу А.нын жансыз денеси табылды. Ошол эле күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы эс алуу жайынан 15 жаштагы К. уулу А.нын сөөгү табылды.

Эске салсак, жыл башынан бери 57 киши сууга чөгүп каза болгон. Алардын 38и эркек, 7өө аял, калгандары жаш балдар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18