USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат

09:01, 12 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.

Ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18