USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган эстелик тургузулат

17:20, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган эстелик тургузулат. Бул тууралуу маалымат жыйында манасчынын чөбөрөсү Тургуналы Турсуналы Жусуп Мамай тегин айтты.

Анын билдиргенине караганда, скульптор Тургунбай Садыковго таандык эмгек Улуттук филармониянын алдына тургузулат.

«Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөлөрдүн бирине чоң чоң атамдын ысымын берүүнү сунуштап жатышат. Мындан башка Оштогу мектептердин бирин Жусуп Мамай деп атоону туура көрүшүүдө. Бирок, манасчынын 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө тууралуу чечим чыга элек», —деди Тургуналы Турсуналы Жусуп Мамай тегин.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18