USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандагы аткезчилик. Келтирилген чыгым 217 миллион сомду түздү

11:38, 10 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы 6 ай аралыгында мамлекеттик чек арадан товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана чыгарып кетүү боюнча 77 фактынын бетин ачышты. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9га көп.

Маалыматка караганда, келтирилген чыгым 217 миллион сомду түздү. Анын 63 миллиону мамлекетке кайтарылды. Жалпысынан 72 кылмыш иши козголду.

Аткезчилик жолу менен 2 миң 800 литр күйүүчү-майлоочу май, 35 миллион сомдук азык-түлүк жана керектелүүчү товарлар ташылып бараткан жеринин кармалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18