USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

5 жашар Умар Марасулов жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиону аталды

10:47, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык 5 жашар Умар Марасулов жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Умар Марасулов өзү теңдүү 22 килограмм салмак өлчөмүнө чейинки спортчулар менен күч сынашты.

Ал алгачкы беттеште орусиялык Александр Петровду жеңип, кийинки беттеште Артур Бутинетс менен ат салышты. Жыйынтыгында жаш спортчу 2 жеңишке ээ болуп, алтын медалды илип кетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18