USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдүн курортторундагы баалар Анталиядагы пансионаттардыкынан дагы кымбат

15:13, 06 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдүн курортторунда баалар Анталиядагы пансионаттардыкынан дагы кымбат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын жайкы туристтик сезонду өткөрүү маселелери боюнча кеңешмеде айтып чыкты.

Анын айтымында, мындай баалар баарынын эле чөнтөгүнө чак келе бербейт.

«Алсак, «Витязь» пансионатында 1 сутка эс алуу — 6 миң сом, «Кыргызское взморье» — 5 миң, «Дилором» — 5-7 миң, «Алтын Жээк» — 6 миң сомду түзөт. Жакында эле бир пансионатка барсам, ал жактагы эмеректер менен килемдер 1950-жылдарга таандык экен», -деди премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, баалар кымбат болгону менен эс алуучуларды тейлөөнү профессионалдуу уюштуруу жөнгө салынган эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18