USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Нурсултан Назарбаев: Астана аймактын башкы каржы хабына айланышы керек

12:14, 06 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн демилгеси менен негизделген «Астана» аттуу Эл аралык каржы борборунун ачылышына катышты.

Анда Нурсултан Назарбаев борбордун ачылышы «экономиканын ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам» экенин белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, бул борбордун казакстандык модели дүйнөлүк соода аянтчалардын ишмердигинин «эң жакшы практикаларын» камтыды.

«Астана аймактын башкы каржылык хабына» айланышы керек деп эсептеген мамлекет башчысы чет өлкөлүк жана казакстандык бизнести борбордун ишине катышууга чакырды.

 

Борбор 5-июлда ачылды. 6-июлда болсо Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү, ошондой эле Астана күнү дагы белгиленет. Эл аралык каржы борборун ачуу демилгесин казак лидери 2015-жылы айткан. Борбор 2017-жылы Астанада өткөн EXPO көргөзмөсү үчүн курулган имараттарда жайгашат.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18