USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Астанада ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөр жоопкерчиликке тартылышты

13:39, 05 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Астанада ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылышты. 3-июлда Астана полициясы шаардагы «Комсомольский» турак-жай комплексинин курулушун бүткөрүүнү талап кылып акцияга чыккан бир нече үлүшчүнү кармап кеткен.

Үлүшчүлөрдүн бири Гүлнара Касымованын айтымында, административдик соттун чечими менен Динара Сабдинова менен Светлана Абылкасымова 140 доллардан айыппулга жыгылышты. Дагы эки үлүшчүгө эскертүү берилди. Соттук териштирүү бир жарым саатка созулган.

3-июлда астаналык үлүшчүлөр «Орда Инжиниринг» компаниясынын ишине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашкан. Алар компания үйлөрүн былтыр декабрда салып бүтүрүүгө тийиш болгонун, бирок азыр айрымдарынын каркасы гана тургузулуп, кээ биринин чатыры гана жабылганын айтышкан.

Үлүшчүлөрдүн акциясы башталганына бир саат боло электе полиция менен прокуратура кызматкерлери келип, аларды автобуска салып алып кетишкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18