USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Казакстандын тышкы карызы кыскарууда

11:54, 03 июля 2018, Бишкек - 24.kg

2018-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди.

Расмий маалымат боюнча өлкөнүн тышкы карызы бир жыл ичинде 0,8 миллиард долларга азайган. Ал эми тышкы карыздын көлөмү ИДӨнүн 102,2 пайызын түзөт.

Тышкы карыздын көбү — 63% фирма аралык береселерге тиешелүү.

26% — насыячылар алдындагы «башка секторлордун» бересеси, 8% — мамлекеттин тышкы карызы, 4% — банк секторлорунун тышкы милдеттенмелери.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18