USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чолпон-Атада 12 жаштагы кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

14:20, 29 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Атада 12 жаштагы кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 53 жаштагы киши «жашы жете элек өспүрүмдү күч колдонуп зордуктоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Эске салсак, Чолпон-Атада Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну 12 жаштагы кызды зордуктаган. Өспүрүм кыз адашып калып, үйүнө жеткирип коюуну суранган. Бирок, кылмышка шектүү кызды алдап арам оюн ишке ашырган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18