USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз балбандары эркин күрөш боюнча Эл аралык турнирге катышат

09:01, 29 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбандар Грузияда өтө турган эркин күрөш боюнча Эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «V.Balavadze and G.Kartozia» мелдешине Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү катышат. Алар: Алибек Ташматов (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Алибек Осмонов (65кг), Догдурбек уулу Эламан (70 кг), Муслим Евлоев (74 кг), Магомед Мусаев (97 кг).

Эске салсак, спортчуларды коштоп машыктыруучу Руслан Маджинов бармакчы.

Иш чара Тбилисиде 1-июлдан 6-июлга чейин өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18