USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ИИМ: Ошто 2 киши дубинка менен зордукталган деген маалымат чындыкка дал келбейт

16:10, 28 июня 2018, Бишкек - 24.kg

«Кылым шамы» укук коргоо борбору тараткан Оштогу зомбулук тууралуу маалыматты ИИМ төгүнгө чыгарды.

Маалым болгондой, Ош шаарында ИИМдин региондор аралык башкармалыгында прокурордук текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча таркатылган маалымат чындыкка туура келбейт.

Эске салсак, Лейлек жана Сузак райондорунун 2 тургуну милициялар аларды дубинка менен зордукташкан деп арыз жазышкан. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова айтып чыккан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18