USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Казакстан: Кыргызстандагы күйдүргү бизге коркунуч туудурбайт

08:46, 28 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Айыл-чарба министрлиги күйдүргүгө байланышкан Кыргызстандагы шектенүүлөр казакстандыктар үчүн коркунуч туудурбай турганын билдирди.

Министрликтин ветеринардык көзөмөл комитетинин төрагасы Арман Утегуловдун айтымында, учурда абал териштирилүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда күйдүргү жуктурган деген шек менен 11 киши ооруканага жаткырылды.

Негизинен Кыргызстандан биз тирүү мал алып келбейбиз. Бирок биздин базарларга мал чарба азыктарын жеткирген ишканалар бар. Учурда 11 киши ооруп, оорукана жатканы белгилүү. Кыргызстандык кесиптештер менен иштеп, маселени чечебизит

Арман Утегулов

«Эч кандай коркунуч жок. Алгач булагын табуу керек, андан кийин гана чараларды көрүү керек», — деди комитет төрагасы.

25-июнда Базар-Коргон районунун тургуну медициналык жардам сурап кайрылгандан кийин күйдүргүнүн айрым белгилери менен ооруканага жаткырылган. Азыр ооруканада мал союуга катышкан 11 киши бар. Учурда тиешелүү лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18